Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 8-класс кыз кош бойлуу экени аныкталды

Түп районунда 14 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу “Репортёрго” облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык,  19-апрелде 39-жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анын 14 жаштагы кызынын боюда бар экендигин билдирип, 16-жаштагы баланын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн билдирген.

Аталган факты боюнча 164-берене (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки өндүрүш иши  башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Exit mobile version