Ысык-Көлдө баңгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө баңгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө баңгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Чолпон-Ата шаарынын тургуну өз үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган тургундун үйүн тинткенде 295 грамм марихуана табылган. Кийин үйдүн ээсинин өздүгү такталып, ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, 23 жаштагы Э.Э. аттуу адам экендиги белгилүү болгон.

Шектүү, убактылуу кармоочу жайга киргизилген, факты боюнча тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>