Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүп кетишти

Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүп кетишти

Ысык-Көл облусунда эне-баланы өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы И.Ж. атуу аял менен анын уулу 29 жаштагы Ы.К. аттуу адамдын жансыз денеси  табылганы тууралуу милицияга кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, үйдүн кире бериш бөлмөсүнөн баштарына катуу нерседен жаракат алган эки адамдын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Жазык Кодексинин 130-беренеси (» Адам өлтүрүү») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>