Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 11-декабрда саат 20:20лар чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ал Түп районунун Кутургу, Кичи-Өрүктү,Ак-Булуң, айылдарында 3,5 балл, Түп, Шаты айылдарында 3 балл, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>