Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 16-мартта таң эрте Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө болду. Саат 05:54 чамасында болгон жер титирөөнүн очогундагы күчү 4 баллга жетти, деп маалымдайт Сейсмология институту.

Жер титирөөнүн очогу Эңилчек-Тоодо, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 9 чакырымда жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>