Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан мене Казакстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 13:07де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>