Ысык-Көлдө күйөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүргөн

Ысык-Көлдө күйөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүргөн

Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда Долон айылынын чет жакасында жайгашкан кашардан күйөсү аялын муунтуп өлтүргөндүгү жөнүндө кабарланган.

Аталган билдирүү райондук милициянын КЖБРне жазык кодексинин 130 (Адам өлтүрүү) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге барышкан тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери, окуяны кабарлаган адамды аныкташкан. Ал, ушул эле айылдын 38 жаштагы тургуну А.Д. болуп чыкты.

Анын айтымында, 9-январь күнү болжол менен саат 8.00 чамаларында анын улуу агасы 45 жаштагы А.А. уюлдук телефон аркылуу чалып, аялын 40 жаштагы А.Гны кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп алгандыгын билдирген. Кашарга барганда, уктоочу бөлмөдө жеӊесинин жансыз денесин тапкан, ал эми агасы болсо «көк таш» жана неоцидол даарыларын ичип алып, өзүн өзү өлтүргөнгө аракет көргөндөн улам, милицияга кабарлаган.              

Андан аркы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, эрди-аял өткөн жылдын ноябрь айында уруша кеткендиктен улам, өз ара жашап жүрүшкөн. Ушул жылдын 6-январында кайрадан элдешкендиктен, А.Г. күйөсүнүн кашардагы үйнө келип жашап турушкан. 9-январь күнү болсо, кызганычтан улам чыккан уруштан А.А. келинчегин муунтуп өлтүрүп алгандан кийин, өзүн да өлтүрүүгө аракет көргөнү аныкталган.

Учурда, адам өлтүрүүгө шектелип жаткан А.А., райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткандыктан, айыккандан кийин кылмыш жасоого эмне себептер болгонун аныктоо боюнча сурак өткөрүлмөкчү.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>