Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жарандардын бир жерден экинчи жерге өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт

Ысык-Көл облусундагы калктуу пункттардын ортосунда жарандардын бир жерден экинчи жерге өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аталган облустук ыкчам штабдын жыйынында бүгүн калктуу пункттардын ортосунда жарандардын жана автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

«Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, муниципалдык жана мамлекеттик органдардын жетекчилери убактылуу өткөрмөлөрдү өтө зарылдыгына жараша гана беришет.
Убактылуу өткөрмөлөрдү колдонууда мыйзам бузуулар аныкталган учурда жаран жана кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылат», — деп маалымдалды штабдан.

Exit mobile version