Ысык-Көлдө Кызыл-Суу айылындагы базардан өрт чыкты — видео

Ысык-Көлдө Кызыл-Суу айылындагы базардан өрт чыкты — видео

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы базардан өрт чыкты. Бул тууралуу видеону Reporter.kg сайтына жергиликтүү тургундар жиберишти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу маалымат таңкы саат 5:37де келип түшкөнүн билдирди.

Өрт чектөөгө саат 6ларда алынган. Ага эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен Кызыл-Суу айылындагы борбордук базардын аймагындагы эки жашылча-жемиш саткан дүкөн өрттөнгөн.

Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери улантылууда.

Кошумча маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>