Ысык-Көлдө мыйзамсыз куралдарды сактап жүргөн адам кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз куралдарды сактап жүргөн адам кармалды

Ысык-Көл облусунда  ок атуучу куралдарды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

 Маалыматка ылайык, кармалган адам Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айылынын 70 жаштагы тургуну болгон. Анын үйүндө мыйзамсыз курал сакталгандыгы тууралуу маалыматтан кийин милиция 13-февраль күнү тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн.

 Жыйынтыгында 7-62 мм калибрдеги сайлуу 3 даана, 16 калибдеги сайсыз 2 даана ок атуучу куралдар, «аммонит» үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу заттар, 84 даана 7,62 мм жана 5,45 мм калибрдеги ок даарылар, ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылып алынды.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
[su_image_carousel source=»media: 20650,20648,20649,20651,20652,20653″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>