Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган 100дөн ашык ок атуучу курал алынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган 100дөн ашык ок атуучу курал алынды

Ысык-Көл облусунда «Арсенал» комплекстүү иш-чарасы өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен бир ай ичинде мыйзамсыз сакталып жүргөн 100дөн ашык ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Иш-чаранын негизги максаты курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч
түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу, ошондой эле ок атуучу куралдар менен байланышкан кылмыштардын алдын алууга багытталган.

Ага 700дөн ашык милиция кызматкери жана 150дөй коомчулуктун өкүлдөрү катышып, алар тараптан 23 уруксат берүү объектилери, 3 миӊден ашык мергенчилер жана травматикалык, белеке берилген куралдардын ээлери текшерүүдөн өтүшкөн.

“Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында 110 мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынды, ошондой эле курал-жарактардын сактоо жана катоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн Бузуулар кодексинин негизинде 451 протоколдо түзүлүп, 51 миӊ сомго айып пул салынды”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында 61 мурда катталган кылмыштардын бети ачылып, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер колго түшүрүлгөнү жана баӊги заты менен байланышкан
12 кылмыш аныкталганы кабарланат.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>