Ысык-Көлдө обцервация жайынын терезелерин түндө талкалап кетишти

Ысык-Көлдө обцервация жайынын терезелерин түндө талкалап кетишти

1-апрелге караган түнү райондун Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) «Маяк» балдар лагерине белгисиз бирөөлөр келип, терезелерди талкалап кетишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев REPORTER.KGге тастыктады.

Учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жергиликтүү милиция коронавируска байланыштуу обсервацияга адамдар жаткырылган жайдагы окуяны териштирип жатат.

Буга чейин ушул эли айылдын эли Байзак жана Түп айылдарынан райондук ооруканага жаткырылган эки дааватчынын үй-бүлөсүн киргизбей койгону айтылган. Жергиликтүү бийлик аларды балдар лагерине жаткырабыз деген.

31-мартка карата облус боюнча 96 адам обсервацияда экени кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>