Ысык-Көлдө окуучулар милициянын иши менен таанышты

Ысык-Көлдө окуучулар милициянын иши менен таанышты

Түп айылынын орто мектебинин  окуучуларына жергиликтүү милиция бөлүмүндө ачык эшик күнү уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экскурсия нөөмөт бөлүмүнө баруудан башталып, анда кылмыш иштери жөнүндө билдирүүлөр кандай тартипте катталаары кеңири баяндалган. Окуучуларга күндүз “102” башкаруу пультунда кылмыштар жөнүндө гана эмес,  башка кырдаалдар жөнүндө да билдирүү келип тураарын  жана орто эсеп менен нөөмөт бөлүмүнүн бир кызматкери телефон аркылуу 100дөн ашык маалымат алып тургандыгын билдиришкен.

Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери ыкчам кызматтарын, тергөө-ыкчам тобу жана жол көзөмөлдөө кыймылынын бөлүмүн, жөө кайгуул кызматтарын кандай көзөмөлгө алаарын иш жүзүндө көрсөтүштү. Андан соң балдарга милиция кызматкерлеринин куралдары жана жеке коргонуу каражаттары, ок атуучу куралдар, граната, башка курал-жарактар кандайча  жайгаштырылгандыгы баяндалган.

«Ар бир окуучу жеке коргонуу каражаттарын колдонуп көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө “Калашников” автоматын ажыратып, чогултууга катышышты«, — депайтылатмаалыматта.

Иш-чаранын аягында окуучуларга өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептерин жана кесепеттери жөнүндө айтып беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>