Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө окуучулар уу-коргошунга ууландыбы? Милициянын жообу

Ысык-Көл облусунда уу-коргошунга өспүрүмдөр ууланган жок. Бул тууралуу “Репортёрго” облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бул окуя 2018-жылы катталган. Анда 3 бала апасы жокто уу-коргошунду сок экен деп ичип, ууланып ооруканга түшкөн. Бүгүнкү күндө андай маалымат бизде катталган жок”, — деди Сталбек Усубакунов.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу-коргошун менен дарылап жатканын айтып, бүгүнкү күндө 300дөн ашуун адам инфекциядан айыкканын билдирген. Ошондой эле дарыны Садыр Жапаров менен өзү кайнатып жатканын жана анын дозасын президент гана билерин айткан.

Exit mobile version