Ысык-Көлдө Орусиядан келген 3 жаран үй карантин эрежесин бузуп, обсервацияга алынды

Ысык-Көлдө Орусиядан келген 3 жаран үй карантин эрежесин бузуп, обсервацияга алынды

Ысык-Көл облусунда үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу облустук штабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

1994-жылы туулган Соль-Илецктен келген жаран 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.

Ошондой эле 1993-жылы туулган Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.

Ал эми 1995-жылы туулган Санкт-Петербургдан келген жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>