Ысык-Көлдө санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып салынды

«Санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды», — деп билдирди Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда.

Анын айтымында облустун район, шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан 30-апрелден бери 2028 текшерүү жүргүзүлүп, 1705 санитардык көрсөтмөлөр берилген. Санитардык талаптарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 105 протокол түзүлүп, 18 токтом чыгарылып, 87 жооптуу тараптарга 134000 сом айып пул салынган.

Ошону менен бирге облустун бардык аймактарында массалык түрдө дезинфекциялоо иштери улантылып, бардыгы облуста 2840 объект дезинфекцияланган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>