Ысык-Көлдө социалдык объектилерди курууда 13 млн сом желген

Ысык-Көлдө социалдык объектилерди курууда 13 млн сом желген

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга деп бөлүнгөн акчалардын уурадалып кеткендигин аныктап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 2016-2019-жылдар аралыгында Ысык-Көл облустук дирекциясы Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында спорт зал куруу үчүн «З.С.» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүшкөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

Облустук прокуратура каржыланган акча каражаттардын максаттуу пайдалануусу боюнча текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен 4,3 миллион сомдон ашуун зыян аныкталган.

Белгилүү болгондой, дирекциянын кызмат адамдары пайда табуу үчүн жеке кызыкчылыкты көздөп «З.С.» коомунун кызматкерлери менен алдын-ала сүйлөшүп, айрым жумуштардын (наркын) жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкен.

Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 4 млн. 324 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле, 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң айылында бала-бакча куруу үчүн Дирекция менен жогоруда аталган коомдун ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала-бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

Бул социалдык объекттини курууда дагы дирекциянын кызмат адамдары менен жогоруда аталган коомдун кызматкерлеринин жогорудагыдай эле кылмыштуу аракеттери менен мамлекетке 4 млн. 378 миң 100 сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала-бакча курууда Дирекциянын кызмат адамдары менен «ТИП» коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттери менен мамлекетке 4 млн 338 миң 700 сом зыян келтирилген. Жогорудагылардын натыйжасында мамлекетке жалпы 13 млн. 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Жогорудагы фактылар Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>