Ысык-Көлдө турак үйлөрдү сел каптады, — сүрөттөр

Ысык-Көлдө турак үйлөрдү сел каптады, — сүрөттөр

Ысык-Көлдө турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 3-сентябрь күнү саат 14:20 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 4  турак үйдүн короосун каптаган.

Ал жерге Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 5 киши жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 19:00дө тазалоо иштери толук аяктаган.

[su_image_carousel source=»media: 39918,39919,39920″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>