Ысык-Көлдө УАЗ оодарылып кетип 2 адам набыт болду

Ысык-Көлдө УАЗ оодарылып кетип 2 адам набыт болду

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам, 1 аял киши жана 1 жаш бала каза болгон. Дагы 2 адам ар кандай жаракаттарды алган. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>