Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан 900 бөтөлкө спирт ичимдиги табылды

Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан 900 бөтөлкө спирт ичимдиги табылды

Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы менен биргеликте рейддик иш-чараларды уюштурушкан. Анын алкагында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында алкоголдук продукцияны ишкердикке тийиштүү лицензиясы жок сатуу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ар кандай ассортименттеги 800 бөтөлкө спирт ичимдиги, ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 101 бөтөлкө табылып, тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>