Ысык-Көлдө жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген

Ысык-Көлдө жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген

Каракол шаарында жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан маалымдашты.

4-январь күнү болжол менен саат 16.20 чамсында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат телефон аркылуу түшкөн.

«Аталган кабар боюнча милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда, Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33жаштагы тургуну Б.С. жарандык жолдошу Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. пикир келишпестиктен улам, бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл облусттук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган», — деп жазылат маалыматта.   

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 39-130 беренесинин 2 бөлүгүнүн 4 пунктунун (Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми, келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү Ч.Н. милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>