Ысык-Көлдө жеңил унаа менен КамАЗ кагышып, 2 адам каза болду

Ысык-Көлдө жеңил унаа менен КамАЗ кагышып, 2 адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун Тору-Айгыр айылы аркылуу өткөн бөлүгүндо Hyundai Sonata жана КамАЗ унаалары кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 2 киши каза болуп, бирөө жаракат алган.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жаранды “Тез жардам” кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>