Ысык-Көлдө жеңил унаа Жыргалаң суусуна кулап кетти

Ысык-Көлдө жеңил унаа Жыргалаң суусуна кулап кетти

Ысык-Көлдө жеңил унаа Жыргалаң суусуна кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-январда саат 16:00дөр чамасында Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда Volkswagen Golf-2 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. Айдоочусу Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. ӨКМнын куткаруучулары барып, сууга түшкөн автоунаны чыгарып, Ак-Суу райондук жол кайгуул кызметкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>