Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жеке пансионат ээлеринен акча чогултулуп жатканы айтылууда

Ысык-Көл облусундагы “Ак-Марал”, “Караван төрт мезгил” эс алуу борборлорунун ээлерине элдик кошуундун акысы үчүн акча төлөө боюнча Координациялык кеңештерден каттар келип түшүүдө.

Тургундардын журналисттерге берген маалыматына караганда, 5-октябрдан кийинки башаламандыктан соң облус аймагындагы жеке пансионаттардын ээлеринен мыйзамсыз акча жыйноо башталган.

Акчаны элдик кошуун деп атап алган жергиликтүү тургундар жыйнап жактаны айтылат. Алар кандайдыр бир талап-тоноо боло турган болсо “биз гана жардам бере алабыз” деген пансионат ээлерине.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 203-(Опузалоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганы белгилүү болду.

Exit mobile version