Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көлдө жер титиреди

Бүгүн, 18-февраль күнү саат 00:01де Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тоң айылдарында 4 баллга, Ак-Сай, Төрт-Күл, Тосор, Эшперов, Тогуз-Булак, Кек-Сай, Тамга, Темир-Канат айылдарында 3 баллга, Кызыл-Туу, Кара-Коо, Барскоон айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>