Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көлдө жер титиреди

14-ноябрь күнү саат 23:49да Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Темир Канат айылында 2,5 балл жана Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>