Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 1 адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 1 адам каза болду

23-августта Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу облустук милициядан тастыктады.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу “ХОВО” унаасын “Хонда Степвагон”  үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен минивендин айдоочусу Тамчы айылынын 1982-жылы туулган тургуну Н.К. кырсык болгон жерде жан берген. Ал унаанын ичинде өзү жалгыз болгон.

Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>