Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 26-июнда  саат 03:03 чамасында катталган.  Анда Пристань-Пржевальск айылына бара жаткан унаа жолдо “AUDI-A6” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу каза болуп, жанында бара жаткан 18 жаштагы жигит оор жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар  каза болгон адамды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>