Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 3 жигит каза болуп, дагы үчөө жаракат алды

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 3 жигит каза болуп, дагы үчөө жаракат алды

Түп районунда жеңил унаалардын катышуусундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдааладар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык 12-апрель күнү түнкү саат 23:14 төр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) катталган. Анда Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгына кабылып, натыйжада 19 жаштагы К.А., 20 жаштагы Т.К. жана Р.К. каза болуп, 21 жаштагы Т.уулу Б., А.уулу Ы жана Ж.Т. жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>