Ысык-Көлдө жол кырсыгынан айдоочу каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан айдоочу каза болду

23-мартта Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 07:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы Сары-Ой айылында жолдун жээгинде токтоп турган унааны Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу каза болгон. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>