Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен адам дайынсыз болууда

Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен адам дайынсыз болууда

Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоголгон адам Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1956-жылы төрөлгөн тургуну. Ал 10-апрель күнү саат 17:30дар чамасында көлгө балык уулоого кеткен  бойдон дайынсыз.

Аны издөөгө кечээ, 11-апрель күнү ӨКМнын 5 куткаруучусу, 8 милиция кызматкери, 13 жергиликтүү тургун тартылган. Бирок алардын аракети натыйжасыз болгон. Издөө иштери бүгүн, 12-апрелде да улантылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>