Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен адамдын жансыз денеси табылды

Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен адамдын жансыз денеси табылды

Ысык-Көлгө балык уулаганы кетип, дайынсыз болуп жаткан адам табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоголгон адам Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1956-жылы төрөлгөн тургуну. Ал 10-апрель күнү саат 17:30дар чамасында көлгө балык уулоого кеткен  бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары, милиция кызматкери, жергиликтүү тургундар тартылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө кечээ, 13-апрелде дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси суудан табылган.

Куткаруучулар маркумду суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>