Ысык-Көлгө балык уулаганы кетип, дайынсыз болуп жаткан адам табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоголгон адам Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1956-жылы төрөлгөн тургуну. Ал 10-апрель күнү саат 17:30дар чамасында көлгө балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары, милиция кызматкери, жергиликтүү тургундар тартылган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө кечээ, 13-апрелде дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси суудан табылган.
Куткаруучулар маркумду суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.