Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөгү лагерде 2 адамды атып өлтүргөн кылмышкер барымтадагы аялды кое берди

Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүргөн адам барымтадагы аялды кое берди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

“Аял эч кандай жабыркаган эмес, аны кылмышка шектүү өзү кое берген. Ал лагерге кайтып келди. Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүүнү кармоо иштери жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, лагердин күзөтчүсү Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердин жетекчи орун басарын жана ошол жерде иштеген кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени бүгүн, 5-июлда кабарлаган.

Exit mobile version