Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Ананьево айылында эркек киши менен 7 жаштагы бала иске ууланып каза болду

Ананьево айылында эки адам газдын исине ууланып каза болду. Маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташканын 24. kg жазды.

Маалыматка ылайык, окуя бир күн мурун болгон. Жабырлануучулар аймактык ооруканага жаткырылган. Бирок 45 жаштагы киши менен жети жаштагы бала каза болушкан.

Аталган факты электрондук журналга катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуянын так себеби такталууда.

Бул окуя тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эч кандай маалымат бере элек.

Exit mobile version