Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Боом капчыгайындагы өрт чектөөгө алынды

Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-май күнү Тоң районун басып өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 08:45те Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 10:50дө чектөөгө алынды.

Тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version