Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: «Йакын-Инкарчылар» мыйзамсыз намазкана ачып алган

Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун мүчөсү, Григорьевка айылындагы үйүндө эч бир уруксат иш кагаздары жок намазкана ачып алып, ал жерде даават өткөрүп, мыйзамсыз диний адабияттарды таратып жаткандыгы аныкталган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургуну М.М. экени аныкталган. Теологиялык экспертиза көрсөткөндөй, алынган адабияттар Кыргызстанда тыюу салынган.

Жазык кодексинин 315-беренесинин 1- бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, соттун кароосуна жиберилди.

Exit mobile version