Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган спортчу чөгүп кетти

Бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунда көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган спортчу чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 13:00дө Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыккан. Көлдүн ортосуна жеткенде чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголгон.

Спортчуну издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version