Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл облусуна жаңы жетекчи дайындалды

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Илияз Иманбетов буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Буга чейин Садыр Жапаров Алтынбек Сулаймановду президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошоткон. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version