Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл облусунда алгачкы шамал электр станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунда өлкө тарыхында алгачкы ирет шамал электр станциясынын курулушу башталып, пайдубалы куюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Курулушту баштоо аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.

«Бул күн чыныгы өзгөрүүлөрдүн символуна айланды. Кыргызстан шамал энергетикасын өнүктүрүүдө биринчи жолу сөздөн ишке өтүп жатат», — деп билдирген ал өз сөзүндө.

Шамал электр станциясын «Метрум ТЭК» компаниясы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Каракол эркин экономикалык аймагында курууда.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында кубаттуулугу 1 МВт болгон алгачкы шамал генератору ишке берилет. Жалпы 100 МВтка эсептелген шамал паркы эки фазада курулат:

Аталган станция толук ишке киргенден кийин, жылына 250 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Ал Ысык-Көл облусун гана электр энергия менен камсыздабастан, аны CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттоого да шарт түзүлөт.

Exit mobile version