Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө браконьерлер жаратылышка 220 миң сомдон ашык зыян келтиришти

Жыл башынан бери Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан токойлорду мыйзамсыз кыюу боюнча 21 факты, мыйзамсыз балык уулоо боюнча 7 факты, мыйзамсыз аңчылык боюнча 6 факты жана аңчылык эрежелерин бузуу боюнча 8 факты аныкталды.

Ачылган фактылар боюнча жалпы материалдык чыгым 222 846 сомду түзүп, анын 148 510 сому өндүрүлгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда айтылган окуялар боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 10 кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version