Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл облусунда жаңы жыл түнү 4 жол кырсык катталды

Ысык-Көл облусунда жаңы жылга караган түнү 4 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

31-декабрда жана 1-январдын түнүндө Ысык-Көл облусунда 700 милиция кызматкери жана 100дөн ашуун элдик кошуун коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн.

Ысык-Көл облустук ИИБге 19 кайрылуу жана арыз келип түшкөн. Ошол эле учурда мурда катталган 4 кылмыштын бети ачылган.

Ушул өңдүү жагдайларды эске албаганда, облус аймагында жаңы жылдык салтанат дээрлик тынч өткөн

Exit mobile version