Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Өрттөн үч бала көз жумду

Ак-Суу районунун Каракол айылында турак үйдөн өрттөн үч жаш бала көз жумду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жергиликтүү өрт өчүрүү кызматына малымат жетээри менен 1 бөлүм тартылган. 29-декабрь күнү саат 15:35 бөлүм жеткен. 16:20 да чектөөгө алынып, толук 22:33 өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үч жаш бала ( 2 жаштагы кыздар жана беш жаштагы бала) каза болгон.

Болжол менен 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version