Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 11-апрель күнү саат 13:36да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.