Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Тургундун үйүнөн жоголуп бара жаткан күрөң аюунун терилери табылды

Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундан жоголуп бара жаткан күрөң аюунун эки териси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сары-Жаз өрөөнүнүн жашоочусунун үйүн тинтүү учурунда тиешелүү уруксат кагаздары жана  ок-дарылары жок курал табылып, алынган.

«Кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды. Күрөң аюунун табылган терилеринин кайдан келгени такталууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

Exit mobile version