Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Туз көлгө баруучу жол тазаланды

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен саат 13:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айлына жакын жайгашкан Туз-Көлгө баруучу ички чарбалык жолду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө Тоң райондук №38 Өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу жана Кыргызстандын жол куруучулар ассоциациясынан 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол толугу менен тазаланып, тыгылып калган унааны чыгарып беришкен.

Exit mobile version