Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Түптө суу ташкындап, айдоо жерлерин жеп жатат

Түптөгү дарыядагы суу ташкынын толугу менен тосконго жетишпей калдык. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, тартылган техниканын жардамында дарыянын нугун буруу жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00до убактылуу токтотулган. 14-апрель күнү улантылат..

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 13-апрель күнү аба ырайынын жогорулашына байланыштуу тоодогу карлар ээрип Арал айылындагы Түп суунун деңгээли көтөрүлүп болжол менен 200-300м жээгин жеп кеткен. Турак үйлөргө коркүнүч жок.

2 жүктөгүч техника иштеп жатат.

Exit mobile version