Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Үйүн суу каптаган тургунга контейнер-үй берилди — сүрөт

Быйыл июль айында үйүн суу каптаган Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургунуна көчмө үй берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Балбай айылынын жашоочусунун үйү жараксыз абалга келгендиктен, ага убактылуу жашап туруу үчүн контейнерден жасалган үй берилген.

«Үстүбздөгү жылдын июль айы жаанчыл болгондуктан, 29-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түп районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Балбай айылында жашаган С. Борсуковдун үйүн суу каптаган. Табият кубулушунан улам тургундун үйү жашоого жараксыз болуп калган. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын буйругунун негизинде Түп райондук өзгөчө кырдаал бөлүмү тарабынан убактылуу жашаганга эки бөлмөлүү мобилдик үй берилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version