Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 10 чөнтөкчү кармалды

Туристтик сезондо Ысык-Көл облусунда атайын операциянын жүрүшүндө кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан чөнтөкчүлөр тобу кармалды.  Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Гастролер» деп аталган кылмышкерлер 7-8-июлда Бостериге келип, топторго бөлүнүп, коомдук жайларда кылмыш кылышкан.

8-июль күнү Ысык-Көл облусунун аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр бара жаткан «Ауди А-6» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын салонун текшерүү учурунда уурдалган 6 уюлдук телефон табылган. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда дагы 2 даана телефон жана 95 миң сомдон ашык уурдалган акча табылган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 10 шектүү Тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Алар: Талас облусунун тургуну 1998-жылы туулган А.А. (ушул кылмыштуу топтун лидери), Нарын облусунун тургуну 1992-жылы туулган К.Э., Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Т., Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган А.Т., Чуй облусунун тургуну 1997-жылы туулган Ж.Д., Ош облусунун тургуну 1992-жылы туулган К.Т., Чуй облусунун тургуну 1994-жылы туулган Ж.Б., Бишкек шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.Н., Ош облусунун тургуну 1995-жылы туулган М.Н. жана Ош облусунун тургуну 2001-жылы туулган А.А.

Бул кылмышка шектүү жарандардын баардыгы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Уурдалган 8 телефондун ичинен 4 уюлдук телефондун ээлери аныкталган.

Бардык уюлдук телефондор 7-8-июль күндөрү уурдалган. Кылмыш иликтөө кызматкерлери телефондорду ээлерине кайтарып беришкен. Учурда төмөндөгү жараныдрдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар жогу  текшерилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version