Ысык-Көлдө 18 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастады.
Ал 23-мартта Түп райондук тез жардам кызматына оор абалда жеткирилген. Ага жардам көрсөтүп, төрөткана жөнөтүшкөн. Ысык-Көл облустук ооруканада ага операция жүргүзүлдү.
Жаш келин жандырдыруу бөлүмүндө 24-март күнү көз жумган. Анын ымыркайы дагы бир нече күндөн кийин каза тапты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз